11:15, 24 февраля 2026, Бишкек - 24.kg
Улуттук банк башкармалыгы 23-февралда эсептик ченди 12 пайызга чейин жогорулатты.
Финансылык жөнгө салуучу органдан маалымдашкандай, чечим бүгүн, 24-февралдан тартып күчүнө кирет.
Белгиленгендей, тышкы экономикадагы белгисиздик жана өнөктөш өлкөлөрдөгү инфляция ички бааларга таасирин тийгизүүдө. Импортко көз карандылык жана геосаясий тобокелдиктер сакталып жаткандыктан, өлкөдө баа туруктуулугун камсыз кылуу үчүн кылдат акча-кредит саясатын жүргүзүү зарыл.
2026-жылдын 13-февралына карата инфляция 1,8 пайызды (жылдык 9,6пайызды) түздү. Азык-түлүк баалары турукташканы менен, ички суроо-талап жана тышкы факторлордон улам кызмат көрсөтүүлөр менен азык-түлүк эмес товарлардын баасы жогору бойдон калууда.
Кыргызстандын экономикасында өсүш арымы жогору сакталып, 2026-жылдын январь айында ИДП 9 пайызга өстү. Кызмат көрсөтүү, курулуш жана инвестициялардын көбөйүшү, ошондой эле калктын кирешесинин өсүшү ички суроо-талапты стимулдаштырып, инфляцияга кошумча басым жасоодо.
Акча-кредит саясаты орто мөөнөттүү инфляцияны 5-7 пайыз чегинде сактоого багытталган. Банктар аралык акча рыногу жана ички валюта рыногу туруктуу. Валюталык интервенциялар алмашуу курсунун кескин термелүүлөрүн текшилөө үчүн гана колдонулууда.
Банк сектору туруктуу өсүүдө: 2025-жылы депозиттик база 46,2 пайызга (865,9 млрд сом) жетип, ишенимдин артканын көрсөттү. Кредит портфели болсо 48,8 пайызга (507 млрд сом) көбөйүп, экономикадагы реалдуу жигердүүлүктү чагылдырды.
Инфляциялык факторлордун — фискалдык импульстун жана ички суроо-талаптын өсүшүнөн улам, баалардын көтөрүлүшүн басаңдатуу үчүн акча-кредит саясатын катуулатуу зарыл. Ушул максатта Улуттук банк эсептик ченди 12 пайызга чейин жогорулатты.
«Улуттук банк акча-кредит саясатын жүргүзүүгө кылдат мамиле жасап, инфляциянын түптөлгөн ички жана тышкы факторлоруна баа берүүнү улантат. Баа туруктуулугу үчүн кандайдыр бир тобокелдиктер жаралган учурда, Улуттук банк жүргүзүлүп жаткан монетардык саясатына өзгөртүүлөрдү киргизиши мүмкүн», — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Улуттук банктын эсептик чен боюнча кийинки отуруму 27-апрелинде өтөт.