09:12, 24 февраля 2026, Бишкек - 24.kg
Швейцарияда өткөн куралсыздануу боюнча конференцияга катышуусунун алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги тууралуу пикир алмашышты.
Тараптар БУУнун тынчтыкты бекемдөөгө жана глобалдык чакырыктарга жооп берүүгө болгон негизги ролун колдоп, мындан ары конструктивдүү өз ара аракеттенүүгө даяр экенин билдиришти.
Өзгөчө көңүл «БУУ-80» демилгесине бурулду, ал Уюмдун натыйжалуулугун жогорулатууга жана заманбапташтырууга багытталган. Жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдоо жана аларды ишке ашыруу алкагында кызматташууга даяр экени белгиленди. Кыргыз тараптын БУУнун агенттиктери менен Кыргызстандагы активдүү өз ара аракеттениши да баса белгиленди.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасы 2026-жылы Шанхай кызматташтык уюмунун Саммитин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрөрүн, ошондой эле 2027-жылы «Бишкек+25» Саммитин даярдоодо экенин маалымдады. Бул байланышта Министр Ж.Кулубаев Башкы катчыны аталган иш-чараларга катышуу үчүн Кыргыз Республикасына чакырды.