УКМКнын төрагасы генерал-лейтенант, ИИМдин башчысы генерал-полковник наамын алды

15:12, 23 февраля 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргыстандын президенти Садыр Жапаров укук коргоо жана коопсуздук органдарынын бир катар жетекчилерине аскердик жана атайын наамдарды ыйгаруу жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди

Мамлекет башчысынын жарлыктарына ылайык, Улан Ниязбековго «милициянын генерал-полковниги» жогорку атайын наамы ыйгарылды.

«Генерал-лейтенант» жогорку аскердик наамы жакында эле Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти жетектеген Жумгалбек Шабданбековго ыйгарылды.

Мындан тышкары, УКМКнын төрагасынын орун басарлары Акылбек Намазовго, Уранбек Шадыбековго, Алишер Эрбаевге, коргоо министринин орун басарлары Тариэл Отонбаевге, Талайбек Шаршеевге, абадан коргонуу күчтөрүнүн командачысы Талантбек Талиповго генерал-майор жогорку аскердик наамы берилсе, башкы прокурордун биринчи орун басары Малик Бектургановго юстициянын генерал-майору атайын наамы ыйгарылган.