Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана атайын техника тапшырылды

12:49, 23 февраля 2026, Бишкек - 24.kg

Фото

Бүгүн, 23-февралда Бишкектеги Турдакун Усубалиев аянтында Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техниканын ачкычтарын тапшырды. Азем Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата өткөрүлгөндүгүн министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер Кабинетинин төрагасы иш-чаранын катышуучуларынын алдында сөз сүйлөп, куткаруучуларды Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктап, бул күн эрдиктин, баатырдыктын жана Ата Мекенди коргоонун ыйык парзынын символу экенин, анын өткөн тарыхта да, өлкөнүн азыркы тарыхында да татыктуу орду бар экенин белгиледи.

Салтанаттын жүрүшүндө бүгүнкү иш-чара Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча системалуу иштин уландысы болуп саналаары белгиленди. Акыркы беш жылда ведомство 652 даана автотранспорт жана атайын техника менен камсыздалып, ага 7 млрд сом багытталган. 

 Адылбек Касымалиев акыркы жылдары министрликти каржылоо өз убагында жана жетиштүү көлөмдө жүргүзүлүп жатканы баса белгиленди. Мисалы, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2025-жылга бюджети 5,5 млрд сомдон ашты, ошол эле учурда жыл ичинде кошумча каражаттар бөлүнүп, алар ийгиликтүү өздөштүрүлүп, авариялык-калыбына келтирүү иштерине, инфраструктуралык долбоорлорго, өзгөчө статуска ээ болгон чек ара аймактарын өнүктүрүүгө, метеостанцияларды курууга, аэродромдорду модернизациялоого, ошондой эле көпүрөлөрдү жана стратегиялык объектилерди курууга багытталган.

Өзгөчө көңүл бийлик органдарынын калк менен өз ара аракеттенүү маселелерине жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу чөйрөсүндөгү диалогду бекемдөө зарылдыгына бурулду. Сел жүрүү, жер көчкү, жер титирөө, өрт жана башка тобокелдиктерге дуушар болгон аймактарды кошо алганда, калк арасында алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.

Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле кыргызстандык куткаруучулардын жогорку профессионализми белгилеп, алар өлкөнүн ичинде да, анын чегинен тышкары да эң татаал милдеттерди аткарышат — Ысык-Көл көлүнө тереңге сүңгүүдөн жана Ленин чокусунда куткаруу операцияларын жүргүзүүдөн баштап, Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүүгө чейин катышып жатканына токтолду. Куткаруучулардын Ысык-Көл көлүнүн экосистемасын сактоого кошкон салымы, анын ичинде суу сактагычтын суу астындагы бөлүгүн таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо өзгөчө белгиленди.

Иш-чаранын аягында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өздүк курамына өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча күнүмдүк, жан аябас кызматы үчүн ыраазычылык билдирип, бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана жаңы кесиптик ийгиликтерди каалады.