БШК Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулаймановду мандатынан ажыратты

10:40, 23 февраля 2026, Бишкек - 24.kg

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 23-февралда өзүнүн жыйынында КР Жогорку Кеңешинин депутаты Сулайманов Кундузбек Кошалиевичтин ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотту.

Эскерте кетсек, Кундузбек Сулайманов № 14 шайлоо округунан шайланган. Ал жакында эле «Мекенчил» тобунун лидерлигинен кеткен. Анын ордуна Талант Мамытов шайланган.