Ашуулардагы абал: Жолдор ачык, каттам бар

10:12, 23 февраля 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 23-февралда саат 09:00гө карата республиканын негизги ашууларында күн бүркөк, жол кыймылына чектөө жок. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда Бишкек — Ош унаа жолунун Төө-Ашуу, Барскоон — Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк, Каракол — Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу, Суусамыр — Талас— Тараз унаа жолундагы Өтмөк, Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолундагы Долон, Чар, Ак-Бейит, Кубакы ашууларында жана Боом капчыгайында күн бүркөк, каттам бар.

Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан бардык унаа жолдордо жана ашууларда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштер күн сайын, күнү-түнү жүргүзүлүүдө. Жол кырдаалы туруктуу көзөмөлдө турат.