ЖК депутаты Кундузбек Сулайманов мандатын тапшыруу ниетин билдирди

09:45, 23 февраля 2026, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча арызын берди. Бул тууралуу БШКдан билдирди.

Маалыматка ылайык, БШК бүгүн, 23-февралда депутатты мандатынан ажыратуу маселесин карайт.

Буга чейин Кундузбек Сулайманов да «Мекенчил» тобунун лидерлигинен өз ыктыяры менен кеткен.