08:00, 23 февраля 2026, Бишкек - 24.kg
Олимпиадада ар кандай кышкы спорт түрлөрү боюнча 116 медаль ойнотулду. Норвегия медалдардын саны боюнча алдыңкы орунга чыгып, тарыхый рекорд койду
Норвегия курама командасы 18 алтын, 12 күмүш жана 11 коло медаль утуп алды. Экинчи орунду 12 алтын, 12 күмүш жана тогуз коло медаль утуп алган АКШ курама командасы ээледи. Үчүнчү орунду 10 алтын, жети күмүш жана үч коло медаль утуп алган Нидерландия командасы ээледи.
Италиянын Милан жана Кортина-д’Ампеццо шаарларында XXV Кышкы Олимпиада оюндарына
Кыргызстандын атынан эки спортчу Артур Сапарбеков менен Тимур Шакиров тоо лыжасы жана лыжа жарышы боюнча мелдештерге катышып, өлкө намысын коргоду.
Эске салсак, XXV Кышкы Олимпиада оюндарына 93 өлкөдөн 3000 миңдей спортчу күч сынашты. Олимпиадалык спорттун 8 түрүнөн (көркөм муз тебүү, хоккей, биатлон, лыжа жарышы, керлинг, сноуборд, коньки менен жарышуу жана чана спорту) андагы 16 дисциплина боюнча 116 медаль тапшырылды.
Италиядагы Олимпиада оюндарынын жабылыш аземинде желек Франциянын өкүлдөрүнө тапшырылды. Кийинки кышкы Олимпиада оюндары 2030-жылы Францияда өтөт.