Алдамчылар жарандын электрондук капчыгынан дээрлик 2 миллион сом уурдаган

15:26, 20 февраля 2026, Бишкек - 24.kg

Чүй облусунда банктык картаны пайдалануу менен ири өлчөмдө алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 5-февралында Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө 1981-жылы туулган К.А. аттуу жаран белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранып арыз менен кайрылган. Ал WhatsApp аркылуу чалып, төрт орундуу кодун сураган белгисиз адамдар «Элдик Банктагы» капчыгынан 1 млн 999 миң сомун уурдап кетишкенин билдирген.

Бул факты каттоого алынып, «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Фото Чүй облустук ИИББнин басма сөз кызматы. Алдамчылар дээрлик 2 млн сом уурдаган

Милиция шектүү катары 1984-жылы туулган Т.Э. аттуу жаранды кармады. Ал Telegram аркылуу банк карталарын сатып алып, аларды криптовалюта биржасында колдонгонун билдирген.

Тергөөдө уурдалган 1,9 млн сом шектүү сатып алган бөтөн адамдын картасына которулганы аныкталды. Бул карта акчаны накталай кылуу жана башка эсептерге которуу үчүн колдонулган.

Натыйжада кармалган Т.Э. аттуу жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө тарабынан кылмыштын бардык жагдайлары, ошондой эле бул схемага башка адамдардын тиешеси бар-жогу аныкталууда. Тергөө иштери улантылууда.