11:35, 20 февраля 2026, Бишкек - 24.kg
Кыргыстандын Министрлер кабинети 2026-жылга 52 миң адамдан турган эмгек миграциясы боюнча квотаны бекитти. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Чет элдик жарандар менен иштөө департаментинин башчысы Арлен Алиясов 24.kg маалымат агенттигине билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылы квота башында 25 миң деп белгиленген, бирок кийинчерээк 42 миңге, андан кийин 52 миңге чейин көтөрүлгөн. Зарыл болсо, бул санды көбөйтүүгө болот.
«2025-жылы биз ар бир жолу өзгөртүүлөрдү киргизүү талап кылынгандыктан, токтомдон иш-аракеттердин түрлөрүн алып салууну чечтик. Адатта, эң көп суроо-талапка ээ болгон тармактар курулуш жана жеңил өнөр жай болуп саналат», — деди Арлен Алиясов.
Бөлүм башчысы чет элдик жарандар үчүн уруксат берүү процесси 2025-жылдын 1-январынан тартып өзгөртүлгөнүн эске салды. Пилоттук долбоордун алкагында бардык документтер бирдиктүү терезе порталы аркылуу берилет. Эмгек квоталарын бөлүштүрүү жана жумушка уруксат берүү функциялары Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине өткөрүлүп берилди.
Пилоттук долбоор 2026-жылдын 1-июлуна чейин иштейт. Эгерде жыйынтыктар оң болсо, Кыргызстандын мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилет.