10:48, 20 февраля 2026, Бишкек - 24.kg
Бишкекте алдамчылык боюнча шектүү кармалды. Бул тууралуу шаардын Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 77 жаштагы ардагер 2025-жылдын декабрь айында милицияга кайрылган. Ал укук коргоо органдарынын кызматкерлери катары таанышкан белгисиз адамдар аны 850 миң сом которууга мажбурлашканын билдирген.
Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында милиция шектүү 2004-жылы туулган А.Ж.ны кармады.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери уланууда.