09:25, 20 февраля 2026, Бишкек - 24.kg
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясына жаңы директор болуп Самат Эркинбеков дайындалды. Бул тууралуу спорт агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, дирекциянын жамаатына жаңы жетекчини спорттун жогорку жетишкендиктерин талдоо жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Кубаныч Эрмеков тааныштырды.
Самат Эркинбеков 3 айлык сыноо мөөнөтү менен дайындалып, бүгүнтөн тартып кызматтык милдеттерин расмий түрдө аткарууга киришти.