17:27, 19 февраля 2026, Бишкек - 24.kg
Эртең, 20-февралда түнкүсүн жана күндүз өлкө аймагында жаан-чачын жаабайт. Тоо этектерде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 4...9, күндүз 18...23;
Таласта түнкүсүн 2...7, күндүз 16...21;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 4...9, күндүз 17...22;
Ысык-Көлдө түнкүсүн −4...+1, күндүз 6...11;
Нарында түнкүсүн −4...-9, күндүз 0...5;
Бишкекте түнкүсүн 7...9°, күндүз 21...23° жылуу болот.