16:06, 19 февраля 2026, Бишкек - 24.kg
Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев кызматтан кетти. Бул тууралуу мэриянын басма сөз бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, ал өз арызы менен ээлеген кызматынан бошотулду. Жунусбаев бул кызматка 2021-жылдын 6-сентябрында келген.
Белгилей кетсек, буга чейин Ош шаарынын мэринин эки орун басары кызматынан бошотулган.