Жумгалбек Шабданбеков УКМКнын төрагасы болуп дайындалды

12:35, 19 февраля 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 19-февралда Шабданбеков Жумгалбек Кумарович мурда жүктөлгөн милдетин аткаруудан бошотулуп, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Фото Президенттин басма сөз кызматы

Жумгалбек Шабданбеков 55 жашта. Ал 1970-жылы 22-сентябрда Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылында туулган.

1991-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин экономика факультетин аяктаган. Эмгек жолун Талас облустук салык кызматында инспектор, улук инспектор болуп баштап, 1994-жылдан тартып коопсуздук органдарында ар кандай кызматтарда иштеген. 2020-жылдын октябрынан баштап УКМК төрагасынын орун басары жана 9-кызматтын башчысы болуп иштеген. 2022-жылы генерал-майор аскердик наамын алган.