09:00, 19 февраля 2026, Бишкек - 24.kg
Бүгүн, 19-февралда өлкөдө Орозо айы башталды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, дээрлик бир ай бою мусулмандар орозо кармайт.
Орозо айы — ыйманды жаңылоонун, биримдикти бекемдөөнүн жана шүгүрдү арттыруунун айы. Бул ай — жүрөктөрдү тазалап, руханий жаңылануунун, кечиримдүүлүк менен мээримдин айы, адамдардын бири-бирине болгон сүйүүсүн жана урматын күчөтүүчү мезгил. Бул мезгилде адамдар таңдан кечке чейин ооз бекитип гана тим болбостон, жаман адаттардан алыс болуп, сооп иштерди көбүрөөк жасап калууга умтулушат.
Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, орозо 29-30 күнгө созулуп, 19- 20-мартта аякташы мүмкүн. Буга байланыштуу Орозо айт 20- 21-мартка туура келет. Ал орозонун аяк жагында такталат.