08:00, 19 февраля 2026, Бишкек - 24.kg
Бүгүн, 19-февралда Калыс-Ордо жана Мурас-Ордо конуштарында убактылуу суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган эки конуштагы турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү саат 9:00дөн 21:00гө чейин токтотулат.
Суу Калыс-Ордо жана Мурас-Ордо суу топтомосундагы оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлө тургандыгы айтылды.
Бишкек мэриясы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканалардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.