15:07, 18 февраля 2026, Бишкек - 24.kg
Жайнак Үсөн уулу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Басма сөз кызматынын башчысы болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге Төрага Марлен Маматалиев кол койду.
Жайнак Үсөн уулу жалпыга маалымдоо каражаттары тармагында мол тажрыйбага ээ. Ал 2015 — 2019-жылдары «НТС» телерадиокомпаниясынын башкы директору кызматын аркалап, ал эми 2019 — 2020-жылдары Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясын жетектеген.
Минура Абдыкалыкова Жогорку Кеңештин Төрагасынын басма сөз катчысы болуп дайындалды
Минура Абдыкалыкова 2012-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетин «Журналистика» адистиги боюнча аяктаган.
2012-жылдан 2026-жылга чейин АКИpress маалымат агенттигинде бир катар кызматтарды аркалап келген.
Ошондой эле 2021-2023-жылдары Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин коомдук башталыштагы жардамчысы болуп эмгектенген.