14:22, 18 февраля 2026, Бишкек - 24.kg
Чыңгыз Эшимбеков Кыргызстандын АКШнын Чикаго шаарындагы Башкы консулу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациясы билдирди.
Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 6-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине ылайык, Эшимбеков Чыңгыз Казыбаевич Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарынын Чикаго шаарындагы Башкы консулу болуп дайындалды.
Белгилей кетсек, Чыңгыз Эшимбеков 2019—2023-жылдары Кыргызстандын Катар мамлекетиндеги элчиси болуп иштеген.