11:37, 18 февраля 2026, Бишкек - 24.kg
Эрмек Өмүралиев Кыргыз Республикасынын Италиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Жарлыкка Кыргызстандын президенти кол койду.
Эрмек Өмүралиев тууралуу маалымат:
Кесипкөй дипломат. Ал Тышкы иштер министрлигинде 1990-жылдардын ортосунан бери иштеп келет. Министрликтин борбордук аппаратында жана чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө ар кандай кызматтарды ээлеген. Ал министрликтин Экономикалык дипломатия департаментин жетектеп, инвестицияларды тартуу, экспортту илгерилетүү жана туризм маселелерин көзөмөлдөгөн. Ошондой эле, жарандык авиация тармагында да тажрыйбасы бар.