БШК № 13 округ боюнча Жогорку Кеңешке жаңы үч депутатты каттады

11:11, 18 февраля 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 18-февралда Борбордук шайлоо комиссиясы № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаттарын каттады. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Алар:

  • Айбек Алтынбеков;
  • Талант Мамытов;
  • Айгүл Карабекова.

БШК депутаттарга белгиленген үлгүдөгү ырастамалар жана төш белгилер бериле тургандыгын кошумчалады.

Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясы № 13 көп мандаттуу шайлоо округунда мурда жокко чыгарылган шайлоонун жыйынтыгын кайра карап чыгып, шайлоону өттү деп тааныган.