Ашуулардагы абал: Жолдор ачык, каттам бар

10:03, 18 февраля 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 18-февралда өлкөнүн ашууларында жол ачык, каттам бар. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери жалпы пайдалануудагы унаа жолдорунда кар тазалоо, тайгакка каршы инерттик материалдарды чачуу, ошондой эле кар күрткүлөрүн тазалоо иштерин күнү-түнү үзгүлтүксүз жүргүзүп жатышат.

Мындан тышкары, подряддык компаниялар тейлеген жол тилкелеринде да тазалоо жана жол жээгин кеңейтүү иштери аткарылууда.

Министрлик ашуу аркылуу жол жүргөн айдоочулар жол коопсуздугун камсыздап, ылдамдыкты сактап, каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин сактоого жана керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.