12:16, 17 февраля 2026, Бишкек - 24.kg
Социалдык контракт алууга арыздарды кабыл алуу жана кароо иштери башталды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, арыздарды айыл өкмөттөрү же Эмгек министрлигинин аймактык бөлүмдөрү тарабынан кабыл алынат.
«Социалдык контракт» программасынын алкагында чакан бизнести ачуу үчүн 150 миң сом өлчөмүндө кайтарымсыз каражат алууга болот. Быйыл бул программага 13 334 үй-бүлө катыша алат.
Каржылоону социалдык паспорту бар же «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алган аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөр ала алышат. Үй-бүлөдө эмгекке жөндөмдүү жана мүлктүк потенциал болушу, ошондой эле реалдуу бизнес-план түзүлүшү зарыл.
Социалдык контракт түзүүдө жашыл багыттагы долбоорлорду жана «Бир айыл — бир продукт» демилгесинин алкагындагы долбоорлорду ишке ашырууну пландаган үй-бүлөлөргө, майыптуулуг бар адамдарга, ошондой эле кирешелүү жана туруктуу бизнес-планы бар үй-бүлөлөргө артыкчылык берилет.
Социалдык контракт түзүү жөнүндө чечимди жергиликтүү мамлекеттик администрациянын алдында түзүлгөн убактылуу комиссия кабыл алат. Ал эми шаарларда — мэриянын алдындагы социалдык маселелер боюнча комиссия кабыл алат. Комиссиянын курамына жергиликтүү бийлик органдарынын, жергиликтүү кеңештердин, бизнес-структуралардын жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрү кирет. Комиссиялар жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын жана министрликтин аймактык башкармалыктарынын чечими менен түзүлөт.