11:03, 17 февраля 2026, Бишкек - 24.kg
Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү Кадыр Досоновго таандык Кара-Суу районунда жайгашкан жалпысынан 4 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди
Атайын кызмат тарабынан иликтөөнүн жүрүшүндө жер тилкелери жер мыйзамдарын бузуу менен катталгандыгы аныкталды.
Кеп болуп жаткан жер «Айыл чарба жерлери» катары классификацияланган, бирок чындыгында башка максаттарда колдонулган. Бул «Кыргызгипрозем» мамлекеттик ишканасынын расмий маалыматтары менен тастыкталган.
Тергөө жана оперативдик иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча жогоруда аталган жер тилкеси мамлекетке акысыз кайтарылды.