17:30, 16 февраля 2026, Бишкек - 24.kg
Эртең, 17-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 4...9, күндүз 13...18
Таласта түнкүсүн 2...7, күндүз 12...17
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5...10, күндүз 14...19
Ысык-Көлдө түнкүсүн −2...+3, күндүз 6...11
Нарында түнкүсүн −1...-6, күндүз 1...6
Бишкекте түнкүсүн 7...9°, күндүз 16...18° жылуу болот.