Быйыл Орусия Кыргызстанга 1,5 млн тонна күйүүчү-майлоочу май жеткиргени жатат

11:20, 16 февраля 2026, Бишкек - 24.kg

Орусия быйыл Кыргызстанга 1,5 миллион тонна күйүүчү-майлоочу май жеткирүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Орусия Федерациясынын Бишкектеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Сергей Вакунов билдирди.

«2026-жылга карата индикативдик камсыздоо балансы мурда 2025-жылдагы деңгээлде макулдашылган. Ага 650 миң тонна бензин жана 550 миң тонна дизелдик отун, 150 миң тонна реактивдүү отунду, 50 миң тонна чийки мунай жана 60 миң тонна мунай битумун камтыйт», — деди ал.

Дипломаттын айтымында, көрсөткүчтөр Кыргызстандын муктаждыктарына жараша туураланышы мүмкүн.