Кыргызстанда бир жумада дээрлик 27 миң айдоочу жол эрежесин бузду
10:35, 16 февраля 2026, Бишкек - 24.kg
9-февралдан 15-февралга чейин өлкө аймагында 26 миң 916 жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.
Алардын ичинен:
- -Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу — 2 974;
- -Мас абалында унаа башкаруу — 427;
- -Унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу −151;
- -Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 627;
- -Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 3 751;
- -Авто ээнбаштык −22;
- -Белгиленген ылдамдыктан ашуу — 2 629;
- -Жалган мамлекеттик номер менен унаа башкаруу — 4;
- -Башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 12 628;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 703 унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.