Ашуулардагы абал: Өтмөк жана Төө-Ашууда кар жаап жатат

10:03, 16 февраля 2026, Бишкек - 24.kg

Өлкөнүн негизги жолдорундагы ашууларда кар жаап, күн бүркөк болууда. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасы бүгүн, саат 08:30га карата берген маалыматында билдирди.

Ишкананын билдирүүсүнө ылайык, учурдагы кырдаал төмөнкүдөй:

  • Бишкек — Ош жолу: Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап жатат, каттам бар.
  • Суусамыр — Талас — Тараз жолу: Өтмөк ашуусунда кар жаап жатат, жол ачык.
  • Ысык-Көл багыты: Барскоон — Ак-Шыйрак (Сөөк ашуусу) жана Каракол — Эңилчек (Чоң-Ашуу ашуусу) жолдорунда күн бүркөк, каттам үзгүлтүккө учураган жок.
  • Бишкек — Нарын — Торугарт жолу: Долон, Чар, Ак-Бейит, Кубакы ашууларында жана Боом капчыгайында күн бүркөк, жол кыймылы туруктуу.

Учурда жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери коопсуздукту камсыз кылуу үчүн күнү-түнү иштеп жатышат. «Кыргызавтожол» ишканасы жол кырдаалы толук көзөмөлдө экенин кошумчалады.