12:37, 13 февраля 2026, Бишкек - 24.kg
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги туманга байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Гидрометеорологиялык кызматтын маалыматына ылайык, жакынкы бир саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарына жана Чүй өрөөнүнө туман түшөт.
Көрүү аралыгы 500 метрге чейин төмөндөшү мүмкүн.