10:23, 13 февраля 2026, Бишкек - 24.kg
Бүгүн, 13-февралда Төө-Ашуу ашууда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Белгилей кетсек, Бишкек — Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда 11-февраль күнү саат 03:40тан тарта оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Долон, Чар, Ак-Бейит, Кубакы ашуулары жана Боом капчыгайында күн бүркөк, жол кыймылы үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле, Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда кечээ саат 17:00до оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алына элек.
Түндүк—Түштүк альтернативдик жолунун 198-чакырымында болжол менен 07:30 чамасында кайра 1000 куб метр кар көчкү түшүп, жерине техникалар тартылууда. Учурда каттам убактылуу жабык.
Ошондой эле, Түндүк-Түштүк унаа жолунун Арал-Казарман бөлүгүнүн 243-296-чакырым аралыгында түшкөн кар көчкүнү тазалоо иштери жүрүп жатат. Каттам эки тараптуу жабык.
Кочкор—Арал—Төө-Ашуу унаа жолунун 135—160-чакырым аралыгында (Арал—Кызыл-Ой участкасы) жааган кардан улам түшкөн кар көчкүнү тазалоо иштери жүргүзүлдү. Жол кыймылы үчүн каттам ачык.