10:05, 13 февраля 2026, Бишкек - 24.kg
Бүгүн, 13-февралда Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода жумушчу сапары менен Кыргызстанга келди. «Манас» эл аралык аэропортунда премьер-министрди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев тосуп алды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Мындан тышкары, эки өлкөнүн өкмөт башчылары борбор калаадагы айрым инфраструктуралык ишканаларга барып, алардын ишмердүүлүгү менен таанышмакчы. Бул кадам экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө жана жаңы долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө түзөрү белгиленүүдө.