Камчыбек Ташиев Кыргызстанга кайтып келди

09:12, 13 февраля 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, таңкы саат 3төрдө УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралуу журналист Айбек Бийбосунов социалдык тармактарда билдирди.

Фото Социалдык тармактардан алынды . Камчыбек Ташиев Кыргызстанга кайтып келди

Атайын кызматтын мурдагы төрагасы бүгүн, 13-февралда таңкы саат 3төрдө «Манас» эл аралык аэропортуна келгени кабарланды.

ЖМКлар Камчыбек Ташиев дароо ак жол тандабас унаасына отуруп, кетип калганын, журналисттер ага суроо бере алышкан эместигин жазышууда.

Эске салсак, саясатчынын толук дарыланбаганына карабастан, кайтып келүү чечими кабыл алынганын анын тарапташы Нургазы Анаркулов мурда билдирген.