Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды

16:26, 12 февраля 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 12-февралда Жогорку Кеңештин депутаттары парламенттин төрагалыгына Марлен Маматалиевдин талапкерлигин жактырды. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында 77 депутат «макул», 5 эл өкүлү «каршы» добуш беришти. 

Жогорку Кеңештин төрагасы кызматына Марлен Маматалиев жалгыз талапкер болду.

Фото Жогорку Кеңеш. Марлен Маматалиев

Марлен Маматалиев 1981-жылы 24-мартта Бишкек шаарында туулган.

Билими:

1998–2002-жж. — И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, «Автоматташтыруу жана башкаруу» адистиги боюнча бакалавр;

2002–2003-жж. — аталган университет, «Техникалык системалардагы автоматташтыруу жана башкаруу» адистиги боюнча магистр;

2009–2010-жж. — Кыргыз экономикалык университети, «Финансы жана кредит» адистиги;

2011-ж. — Civil Service College (Сингапур), «Адам ресурстарын башкаруу»;

2019–2023-жж. — И. Раззаков атындагы КМТУ, аспирантура, техникалык илимдердин кандидаты;

2024-ж. — Кыргыз экономикалык университети, докторантура (PhD), «Экономика» багыты;

2024-ж. — Ж. Баласагын атындагы КУУ, «Юриспруденция» адистиги боюнча экинчи жогорку билим;

2024-ж. — РФ Президентине караштуу РАНХиГС, «Жетекчилер үчүн мамлекеттик башкаруунун чебери» программасы.

Эмгек жолу:

2003–2006-жж. — Социалдык фонддо маалыматтык системалар тармагында жетекчилик кызматтар;

2006–2008-жж. — Финансы министрлигинде маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;

2008-ж. — Финансы министринин жардамчысы;

2007–2009-жж. — Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинде бир катар жетекчилик кызматтар;

2009–2010-жж. — Өкмөт аппараты, биринчи вице-премьер-министрдин кеңешчиси;

2010-ж. — «Ар-Намыс» партиясынын аппарат жетекчиси;

2011–2012-жж. — Экономикалык тескөө министрлигинде статс-катчы;

2012-ж. — Өкмөт аппаратынын реалдуу сектор бөлүмүнүн башчысы;

2013–2016-жж. — «СУ-12» ЖАК башкармалыгынын төрагасы;

2016–2018-жж. — «Аллор Строй Сервис» ЖАК жана «Азия молл» соода борборунун башкы директору;

2018–2021-жж. — Жогорку Кеңештин VI чакырылыштагы депутаты;

2021-жылдан бери — Жогорку Кеңештин VII чакырылыштагы депутаты, «Ынтымак» фракциясынын лидери, Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин мүчөсү.

Сыйлыктары:

«КР Социалдык фондунун отличниги»;

«КР финансы-экономикалык кызматынын отличниги»;

«Соода-экономикалык иштин отличниги»;

КР Өкмөтүнүн, Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Ардак грамоталары;

«ЖККУ парламенттик кызматташтыгын чыңдоо үчүн» медалы.

Самбо боюнча спорт чеберине талапкер, Бишкек шаарынын Самбо федерациясынын президенти.

Класстык чени — мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.