10:03, 12 февраля 2026, Бишкек - 24.kg
Бүгүн, 12-февралда аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаап, жол тазалоо иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда өлкө аймагындагы ашууларда кар майдалап жаап жатат. Тайгак тилкелерге инерттик материалдар себилип, атайын техникалар менен жолдор тазаланууда.
Ошондой эле кечээтен тарта Бишкек—Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында, Суусамыр—Талас—Тараз жолундагы Өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу унаалар үчүн киргизилген чектөө күчүндө калууда.