Президент Камчыбек Ташиевдин коопсуздугун камсыз кылууну тапшырды

15:10, 11 февраля 2026, Бишкек - 24.kg

Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасы Сыргак Бердикожоев «жарандардын социалдык тармактарда Камчыбек Ташиевдин коопсуздугуна байланыштуу тынчсыздануулары» боюнча үн катты. Анын бул тууралуу кайрылуусун УКМКнын басма сөз кызматы таратты.

Бердикожоев «Социалдык тармактарда Камчыбек Ташиевдин коопсуздугу боюнча жарандар билдирип жаткан тынчсыздануулар тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан эске алынууда. Президент Садыр Жапаров тиешелүү тапшырмаларды берди. Камчыбек Ташиев мурда кайтарууга алынган адам болгон жана анын жеке коопсуздугун камсыз кылуу чаралары мыйзамда белгиленген тартипте мындан ары да улантылат», — деди.

Бүгүн, 11-февралда Сыргак Бердикожоев Президенттин алдындагы Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасы болуп дайындалды.