12:45, 11 февраля 2026, Бишкек - 24.kg
Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев тамчылатып жана чачыратып сугарууга өткөн дыйкандарга 2 пайыздык жеңилдетилген насыялар берилерин айтты.
Ал бул тууралуу бүгүн, 11-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бул багытта насыялар келерки айда бериле баштайт. Ошондой эле Бакыт Төрөбаев Ысык-Көл облусу толугу менен тамчылатып сугарууга өтүүсү зарылдыгын белгиледи.
«Биз тамчылатып сугарууга өтсөк, Ысык-Көлгө дагы суу көбүрөөк барат. Биз суунун баарын дыйканчылыкка ала берсек, Ысык-Көлгө суу барбай калат. Ошондуктан Ысык-Көл облусун толугу менен тамчылатып, жамгырлатып сугарууга өткөрүү боюнча план коюп жатабыз», — деди министр Бакыт Төрөбаев.