Төө буурчактын баасы: Төрөбаев Талас дыйкандарын колдоо чараларын айтты

12:10, 11 февраля 2026, Бишкек - 24.kg

Дүйнөлүк төө буурчактын баасынын төмөндөшүн эске алуу менен Министрлер кабинети Талас облусундагы дыйкандарды колдоо боюнча бир катар чараларды иштеп чыгууда. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди.

Ал белгилегендей, учурда бул өсүмдүктү өстүрүп, сыртка чыгарууда бир катар маселелер бар.

«Баасы 1600 доллардан 630 долларга түшүп кетиптир. Биз жасаган талдоолорго ылайык, аны чаңынан арылтуу, сепарациялоо иштери жүргүзүлбөйт экен. Ошол эле маалда башка мамлекеттер аны фумильгация (зыяндуу заттардан арылтуу) жасап, таңгактап анан сатышат экен. Азыркы учурда биз ушул иштерди колго алып жатабыз.

Экинчи маселе — биз аны белок катары аскерге, мектептерге киргизүү планын койдук. Үчүнчүсү — сыртка чыгуучу транспорт чыгымдарын эсептеп, карап чыгуудабыз.

Ошондой эле төө буурчактын каллигровкасы 8-9дан 5-6га түшүп кетиптир. Ошондуктан үрөндү жаңылоо зарыл болуп турат. Андан сырткары, Талас элине башка өсүмдүктөрдү өстүрүүнү сунуштап жатабыз.

Андыктан, бул өсүмдүккө байланышкан маселелерди чечүү үчүн — иштетип чыгуу, үрөндү тандоо, таңгактап, көрүнүшүн жакшыртуу, биржага алып чыгуу, дыйкандын чыгымдарын эсептөө иштерин жасашыбыз керек», — деди Төрөбаев.