11-февралга карата аба ырайы

17:30, 10 февраля 2026, Бишкек - 24.kg

Эртең, 11-февралда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы төмөндөгүдөй болот:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +1... +6, күндүз +5... +10;

Талас жергесинде түнкүсүн 0... +2, күндүз +6... +8;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2... +4, күндүз +10... +12;

Нарын аймагында түнкүсүн −11... −13, күндүз −1.. −3;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн −1... −2, күндүз +6... +8;

Бишкек шаарында түнкүсүн +4... +6, күндүз +8... +10 градус.