Шашылыш билдирүү! Ашууларда кар көчкү түшүшү мүмкүн

13:14, 10 февраля 2026, Бишкек - 24.kg

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкүгө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, 11-февралдан 13-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, атап айтканда:

  • Бишкек — Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарындагы Төө-Ашуу ашуусунда, 198-255 чакырымдарындагы Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусуда;
  • Мырза — Аке-Кара — Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 55-115 чакырымдарында;
  • Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 45-112-чакырымдарындагы Чапчыма ашуусунда;
  • Красная-Горка — Акташ унаа жолунун 0-3 чакырымдарында;
  • Сары-Таш — Дароот-Коргон — Карамык унаа жолунун 97-98-чакырымдарында;
  • Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 292-305 чакыфрымдарындагы Долон ашуусунда;
  • Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарындагы Чон-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.