Кемин районуна жаңы аким дайындалды

12:05, 10 февраля 2026, Бишкек - 24.kg

Кутпидин Шакиров Чүй облусунун Кемин районунун акими кызматынан бошотулду. Ал өз каалоосу менен кызматтан кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Фото Интернеттен алынды

Кемин районунун жаңы акими болуп Канболот Тутуев дайындалды. Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.

Ал 1982-жылы 19-августта Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Насирдин айылында туулган жана жогорку билимдүү.

Ал мурда Ош облусундагы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу органдарында иштеп, райондук жана облустук администрацияларда жетекчилик кызматтарды аркалаган. 2012-жылдан 2019-жылга чейин Кара-Кулжа районунун аппараттын жетектеген, кийинчерээк акимдин орун басары болуп иштеген. 2021-жылдан 2022-жылга чейин Ош облусундагы президенттин өкүлчүлүгүнүн уюштуруу инспекциясын жана кадр кызматын жетектеген.

Фото Интернеттен алынды

2022-жылы ал Нарын шаарынын мэри болуп дайындалган.

Ал Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси наамына ээ.