10:32, 10 февраля 2026, Бишкек - 24.kg
Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы архитектура жана курулуш бөлүмүнүн башчысы жер коррупциясын уюштурууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, жер тилкелерин жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берүү Кара-Көл шаардык архитектура жана курулуш бөлүмүнүн башчысы У.Б. тарабынан уюштурулган.
Ал бардык зарыл болгон жол-жоболорду расмий эмес түрдө аткарууга убада берип, кийинчерээк мамлекеттик акттарды түзүү жана жер тилкелерин каттоо үчүн кошумча 200 миң сом алган. Көп өтпөй өлкөдө коррупцияга каршы күрөш башталып, У.Б. өзүнүн кылмыштуу планын ишке ашыра албай калган.
Мындан улам У.Б. белгиленген жер тилкелерди М.Д.га өткөрүп бере алган эмес жана алынган 2,2 млн сомду жеке муктаждыктарына жумшаган.
2026-жылдын 4-февралында У.Б.га карата «Кызмат абалын алдамчылык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш иши козголуп, камакка алынган.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылып, башка тиешелүү адамдарды жана ушул сыяктуу фактыларды аныктоо боюнча чаралар көрүлүүдө.