Январь айында Кыргызстанда кызамыктын жаңы учурлары катталды

09:15, 10 февраля 2026, Бишкек - 24.kg

Январь айында Кыргызстанда кызамыктын жаңы учурлары катталган. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун дарыгери Гүлзада Даданова «Биринчи радиодо» билдирди.

Анын айтымында, 2025-жылдын аягына чейин оорунун көрсөткүчү төмөндөгөн, бирок жаңы жылдын биринчи айында өлкөдө 22 жаңы учур катталган.

Адис белгилегендей, жуктуруп алгандардын 92 пайызы вакцинадан баш тарткан же аны өз убагында албаган адамдар болгон. Кызамык менен ооругандардын сегиз пайызы эмделген. Бирок, алардын алты пайызы биринчи дозасын гана алышкан.

«Балдар өмүрүнүн биринчи жылында алган алгачкы вакцинациядан кийин иммунитет пайда болуп, 90 пайыз коргоону камсыз кылат. Бала эки жашка чыкканда, дагы бир доза керек болот. Ал 98 пайызга чейин коргоону камсыз кылат. Бир доза алып, бирок жуктуруп алгандардын калган эки пайызы иммунитет али өнүгө элек болгондуктан жуктуруп алышат», — деп түшүндүрдү Гүлзада Даданова.

Вакцинация кызамыктан коргоонун жана кайталанышынын алдын алуунун эң ишенимдүү жана натыйжалуу жолу бойдон калууда.

Мурда 2025-жылы Кыргыз Республикасында кызамыктан улам он өлүм катталганы кабарланган.