«Манас» эпосуна арналган скульптуралык жана композициялар боюнча сынак узартылды
08:37, 10 февраля 2026, Бишкек - 24.kg
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги «Манас» эпосунун каармандарына арналган скульптуралык-декоративдик композицияларды орнотуу боюнча эскиздик долбоорлорго сынакты узартууну чечти. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, сынактын жыйынтыгы 2025-жылдын 26-декабрына жыйынтыкталмак бирок эскиздик долбоорлорду жогорку көркөмдүк деңгээлде, мазмуну терең жана сапаттуу даярдоо үчүн кошумча убакыт берүү зарылдыгы келип чыгып 2026-жылдын 27-февралына чейин узартылды.
Сынактын максаттары:
- архитектуралык жана көркөмдүк жактан өзгөчөлөнгөн, таанымал жана оригиналдуу
- скульптуралык-декоративдик композицияны аныктоо.
- Композиция төмөнкү образдарды камтыйт:
- «Манасчы», «Кошой менен Жолойдун күрөшү», «Манас менен Коңурбайдын сайышы», «Ак-кула», «Тайторунун чабышы»;
- «Манас» эпосунун каармандарын улуттук маданияттын жана тарыхтын символу катары түбөлүккө калтыруу;
- жарандардын маданий аң-сезимин жогорулатуу;
- жаштарды патриоттук духта тарбиялоо;
- маданий жана этнотуристтик тартуунун жаны объекттерин түзүү.
Катышуучулар сынакка төмөнкү документтерди тапшырууга тийиш:
- автордун (же авторлордун) аты-жөнү, туулган жылы, иштеген жери жана кызматы, байланыш маалыматы
- (дарек, телефон, электрондук почта) көрсөтүлгөн, девиз коюлган конверт;
- эстеликтин эскизи (чакан модель, макет же графикалык вариант);
- өлчөмдөрү көрсөтүлгөн проекциялар;
- эстеликтин сыпаттамасы жана түшүндүрмө каты (дарек, телефон, электрондук почта) көрсөтүлгөн, девиз коюлган конверт;
- эстеликтин эскизи (чакан модель, макет же графикалык вариант);
- өлчөмдөрү көрсөтүлгөн проекциялар;
- эстеликтин сыпаттамасы жана түшүндүрмө каты (өлчөмдөр, колдонулуучу материалдар, идеянын мазмуну, кошумча түшүндүрмө материалдар);
- орнотуунун сунушталган жери;
- эстеликтин айланасын жакшыртуу боюнча кошумча сунуштар (эгер бар болсо);
- автордук укук менен корголгон элементтерди колдонуу тууралуу маалымат (эгер бар болсо).
Долбоордук материалдарды тапшыруу дареги:
720000, Бишкек шаары, Пушкин кочесу, 78, 202-кабинет.
Байланыш телефону: +996 (312) 66-11-28.