08:00, 10 февраля 2026, Бишкек - 24.kg
Энергетиктер шаарчасында суу күн боюу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 10-февралда саат 10:00дөн 22:00гө чейин Энергетиктер шаарчасындагы турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат.
Суу Лебединовка айылындагы «Тунук- булак» суу алуучу жайында авариялык-оңдоо иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу өчүрүлмөкчү.
«Бишкексууканал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, ичүүчү сууну алдын ала камдап коюуну суранат.