09:00, 10 февраля 2026, Бишкек - 24.kg
Учурда Италиянын Милан жана Кортина-д’Ампеццо шаарларында XXV Кышкы Олимпиада оюндары кызуу уланууда. Бүгүн, 10-февралда кыргызстандык спортчу Артур Сапарбеков жарышка чыгат
Кыргызстандын атынан эки спортчу Кышкы Олимпиада оюндарында тоо лыжасы жана лыжа жарышы боюнча мелдештерге катышып, өлкө намысын коргойт.
Бүгүн Артур Сапарбеков лыжа жарышы боюнча классикалык спринтке, ал эми эркин стилде (коньки тебүү ыкмасы менен) өтүүчү жарышка 13-февралда чыгат
Кыргызстандык спортчулар Артур Сапарбеков менен Тимур Шакиров төмөнкү күндөрү жарышка чыгат:
Эске салсак, XXV Кышкы Олимпиада оюндарына 93 өлкөдөн 3000 миңдей спортчу күч сынашат. Олимпиадалык спорттун 8 түрүнөн (көркөм муз тебүү, хоккей, биатлон, лыжа жарышы, керлинг, сноуборд, коньки менен жарышуу жана чана спорту) андагы 16 дисциплина боюнча 116 медаль тапшырылат.