12:40, 09 февраля 2026, Бишкек - 24.kg
Учурда Италиянын Милан жана Кортина-д’Ампеццо шаарларында XXV Кышкы Олимпиада оюндары кызуу уланууда. Кыргызстандын атынан эки спортчу Кышкы Олимпиада оюндарында тоо лыжасы жана лыжа жарышы боюнча мелдештерге катышып, өлкө намысын коргойт.
Эске салсак, XXV Кышкы Олимпиада оюндарына 93 өлкөдөн 3000 миңдей спортчу күч сынашат. Олимпиадалык спорттун 8 түрүнөн (көркөм муз тебүү, хоккей, биатлон, лыжа жарышы, керлинг, сноуборд, коньки менен жарышуу жана чана спорту) андагы 16 дисциплина боюнча 116 медаль тапшырылат.