БШК № 13 шайлоо округундагы кайра шайлоо боюнча шайлоочулардын тизмесин жарыялады

12:05, 09 февраля 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 9-февралда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия № 13 көп мандаттуу шайлоо округундагы Жогорку Кеңештин депутаттарын кайта шайлоо боюнча шайлоочулардын тизмесин жарыялады. Шайлоочулардын маалыматтары «Тизме» мамлекеттик порталында жеткиликтүү.

Кагаз түрүндөгү шайлоочулардын тизмелери 9-февралда 94 шайлоо участогунда илинет.

Алдын ала тизмеге 161 344 шайлоочу киргизилген, анын ичинде:

  • 80 418 эркек (49,84%);
  • 80 926 аял (50,16%).

Шайлоочулар 18-февралга чейин тизмелерге өздөрүнүн аттарын тактай алышат:

  • 1255 же 119 кыска номерлерине чалуу менен;
  • шайлоо участогунда;
  • tizme.gov.kg веб-сайтында;
  • 119 номерине PIN-кодун (паспортундагы жеке идентификациялык номери) SMS аркылуу жөнөтүп, шайлоо участогунун номерин жана дарегин ала алышат (SMS жана чалуулар акысыз).

Эске салсак, № 13 шайлоо округу боюнча шайлоонун экинчи туру 1-мартта өтөт. Жалпысынан 25 талапкер катталды.