08:30, 09 февраля 2026, Бишкек - 24.kg
Улуттук филармониянын чоң сахнасында улуу ысымдын урматына арналган, драматург Акбар Кубанычбековдун калемине таандык «Сүймөнкүл» улуттук мюзикли көрүүчүлөргө тартууланат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, «Сүймөнкул» мюзикли 2026-жылдын 12—13—14—15—16—17-февраль күндөрү Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында болот.
Башталышы: 18:30
Билеттер: Улуттук филармониянын кассасында жана kassir.kg сайтында сатылууда.