Өзгөндөгү аламан улакта бир жаран каза болду. Окуянын чоо-жайы

08:00, 09 февраля 2026, Бишкек - 24.kg

Өзгөндө аламан улак оюну маалында 27 жаштагы жигит аты менен сууга түшүп, каза болду. Бул тууралуу Ош ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 8-февраль күнү Ош облусунун Өзгөн районунун аймагында өткөрүлүп жаткан аламан улагы маалында кырсык катталган.

Алдын ала маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунун тургуну, 1999-жылы туулган А.У., минип жүргөн атын сугаруу үчүн Яссы дарыясына барган учурда, аттын буту тайып, суунун жээгиндеги жардан дарыяга кулап кеткен. Натыйжада жаран окуя болгон жерде каза болгон.

Бул факты каттоого алынып, тергөө чейинки текшерүү иштери башталды. Маркумга соттук-медициналык экспертиза дайындалган.