14:31, 06 февраля 2026, Бишкек - 24.kg
Кыргызгидромет кызматы шамалга байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Ага ылайык, жакынкы үч саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө түндүк-батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.